Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кылгандар кармалды


Кыргыз-тажик чек арасында 300 коробка жумуртканы аткезчилик жолу менен өлкөгө алып кирүүгө аракет жасаган кыргызстандык жаран кармалды. Окуя кечээ Лейлек чек ара отрядына караштуу аймакта болгонун бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты. Кармалган товар 460 миң сомго бааланууда.

Ошондой эле ун, өсүмдүк майын, кийим-чеке, дары-дармек, парфюмерия алып кетүүгө аракеттенген Лейлектин тургундары кармалды. Аткезчилик товар тиешелүү документтер толтурулгандан кийин мамлекетке өткөрүлүп берилди. Ал эми кылмышка шектүүлөр күч кызматкерлеринин колуна өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG