Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Бишкекте иштеп кеткен мугалим Кабулдагы чабуулда каза болду


Борбордук Азиядагы Америка университетинин Эски аянттагы имараты, Бишкек.

Борбордук Азиядагы Америка университетинин Эски аянттагы имараты, Бишкек.

Кабулдагы Ливан ресторанында 18-январда болгон жардыруудан Бишкекте иштеп кеткен америкалык саясат таануу окутуучусу мерт болгонун "Нью-Йорк Таймс" гезити жазып чыкты. Александрос Петерсон Борбордук Азиядагы Америка университетинин салыштырмалуу эл аралык саясат бөлүмүндө дипломатия жана геосаясат боюнча дарс окуган. Акыркы маалда ал Ооганстандагы Америка университетинде иштеп жүргөн. Вашингтондо төрөлгөн Петерсон өткөн ишембиде Кабулдагы чабуулда мерт кеткен 21 кишинин бири.

Петерсондун Кыргызстандагы мурдагы студенттери, кесиптештери жана достору бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабылдаганын Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери социалдык тармактар аркылуу кабарлашты.

Полициянын маалыматына караганда, өлгөндөрдүн 13ү чет өлкөлүктөр. Каза болгондордун арасында Эл аралык валюта фондунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлери бар. Талибан кыймылы бир катар элчиликтер жана чет өлкөлүктөр көп барган ресторан-кафелер жайгашкан чөлкөмдөгү жардырууну уюштурганын моюнга алды. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG