Сербиялык адис Завиша Милославлевич бишкектик «Дордой» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган клубдун вице-президенти Улукбек Салымбеков билдирди.
Клубдун мурдагы машыктыруучусу орусиялык Сергей Дворянков 2013-жылдын соңунда отставкага кетти.
Завиша Милославлевич Пакистандын тандалма командасы менен иштешкен. Ал эми 2010-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандоо мелдештеринде Лесото курамасын жетектеген.
Сербиялык футбол устаты Завиша Милославлевич 53 жашта. Машыктыруучулук ишин 1986-жылы баштаган. Сербиянын бир катар «Бор», АПР, «Руанда», «Динамо Могрен» жана «Динамо Загреб» клубдарын жетектеген.
Белгилей кетсек, «Руанда» менен бирге Милославлевич 2002-жылы УЕФАнын суперкубогун жана улуттук Кубокту жеңип алууга салым кошкон устат катары белгилүү.
Завиша Милославлевич өлкөнүн 8 жолку чемпиону “Дордой” клубунун машыктыруучусу катары коомчулукка 23-январда расмий тааныштырылат. (КМа)