Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

Аскердин өлүмү уурдоо фактысына байланыштуу болушу мүмкүн


Коргоо министрлигинин Кант шаарындагы бөлүгүндө аскердин өлүмү ошол эле жайдагы уурдоо фактысына байланыштуу болушу ыктымал. Тергөө ушундай версияны да карап жатканын бүгүн аскер прокурору Марат Эшперов парламенттеги Коргоо жана коопсуздук комитетинде маалымат берип жатып билдирди. Ал ошондой эле каза тапкан жоокерди сабаган деп шектелген кызматкер кармалганын айтты.

Эшперовдун билдиришинче, Коргоо министрлигинин Кант шаарындагы бөлүгүнөн аскердик кийим-кеченин уурдалганы боюнча үч кылмыш иш козголду. Келтирилген зыяндын суммасы, алдын ала эсептөө боюнча, 16 миллион сомду түздү.

11-январда Коргоо министрлиги Канттагы бөлүктө жоокер асынып өлгөнүн кабарлаган болчу. Депутат Исмаил Исаков кызматы аяктап, кетээрине бир ай калган жигиттин өлүмү ал кийим уурдоого тиешеси барларды билгенине байланыштуу болгон деген пикирин билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча, Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун ыкчам тобунун аскерлери үчүн деп Орусия жөнөткөн форма уурдалган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG