Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Иран ядролук келишимди ишке ашыра баштаганын билдирүүдө


Ирандын мамлекеттик сыналгысы кабарлагандай, Иран уранды байытууну убактылууу токтотуу боюнча эл аралык келишимдин шарттарын аткара баштады. Бүгүнкү маалыматка караганда, Натанц жана Фордоу ядролук ишканаларында центрифугалар токтотулду жана буга эл аралык адистер көз салып турушту.

Батыш кабар агенттигиктери да МАГАТЭге шилтеме берип, Иран ноябрда жетишилген келишимди ишке ашыра баштаганын жазышууда. Ал макулдашууда Иран уран байытууну азайтса, ага каршы санкциялардын айрымдары күчүнөн кетириле тургандыгы айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG