Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Прокуратура Сомалиде ИЛ–18 учагын иштеткен авиакомпанияга иш козгоду


Сомалинин борбору Могадишу шаары Бишкектен 5390 чакырым алыс.
Сомалинин борбору Могадишу шаары Бишкектен 5390 чакырым алыс.
Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы өлкөдө катталган "S.KG.A" авиакомпаниясына бир нече кылмыштар боюнча иш козгоду. Бул тууралуу Прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Аты аталган авиаишкананын советтик үлгүдөгү ИЛ–18 самолёту Кыргызстанда катталганы менен, ал учак Чыгыш Африкадагы согуштан башы чыкпаган Сомали Республикасында учат.

Бишкектен 5390 чакырым алыс Могадишу шаарынан учуп жүргөн ЕХ–18006 номерлүү учактын техникалык абалы тууралуу былтыр августта Сомалинин авиация бийликтеринен Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигине суроо келген. Андан соң, ИЛ–18 учагынын учууга жарамдуулук уруксаты жасалма мөөрлөр менен мыйзамсыз узартылганы ачыкка чыккан. Аталган самолёт кыргыз авиабийликтери тарабынан "учууга жараксыз" деп табылган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин эл аралык учуу эрежелерин бузуу боюнча 288-беренеси жана жасалма иш кагаздарын, өкмөттүк сыйлыктарды, мөөрлөрдү жасоо боюнча 350-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мындан сырткары, Транспорт прокуратурасы билдиргендей, "S.KG.A" авиакомпаниясы бир нече эл аралык авиация мыйзамдарын бузган.

Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин маалыматына ылайык, республикада бардыгы болуп 79 учак жана тик учак катталган. Алардын 33үнүн гана учууга уруксаты бар: анын 16сы Батышта жасалган болсо 17си советтик үлгүдөгү самолёт-вертолёттор. Кыргызстанда катталган учактардын орточо курагы 23 жыл. Өлкөдөгү учактардын жаңысы 16 жыл мурда, ал эми эскиси 27 жыл мурда чыгарылган. (BAz)
XS
SM
MD
LG