Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Кыргызстан Баткенде аскердик машыгуу өткөрдү


Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш аймакка жакын жерде Кыргызстан резервдеги аскерлердин машыгуусун өткөрдү. Коргонуу министрлиги бүгүн жарыялагандай, үч күндүк машыгуу ишембиде башталган. Ага аскерлер менен катар, Баткен обласындагы 50 жашка чейинки эрезеге жеткен бардык эркектер тартылды. Өткөн аптада Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда эки тараптан тең бир нече чек арачы, бир кыргыз тартип коргоочу жаракат алган эле. Ошондон кийин Бишкек Тажикстандагы элчисин чакыртып алган. Тажикстан Кыргызстандагы машыгуу тууралуу пикирин билдире элек. jch/cn

XS
SM
MD
LG