Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

Эштон: Украинада сүйлөшүүдөн майнап болот деп үмүттөнөм


Европа биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон мындай сүйлөшүү саясий кризисти жөнгө салат деген ишенимин билдирди:

– Мен акыркы күндөрү Украинадагы окуяларга жакындан көз салып жатам. Президент Янукович бүгүн оппозиция менен сүйлөшөт экен, андан жылыш болот деп үмүттөнөм.

Киевдеги катуу кагылыштардан кийин Украинада президент Виктор Янукович оппозиция менен сүйлөшүүгө макул экендигин жарыялады. Анын айтымында, атайын комитет оппозициянын өкүлдөрү менен жолугушуп, кризистен чыгуунун жолун сөз кылат.

Кечээ демонстранттар коопсуздук күчтөрү менен кагылышканда 200дөн ашык киши жараат алды. 20дан ашык киши камакка алынганы кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG