Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Тажикстандык оппозиционер абакта каза тапты


"Ислам кайра жаралуу" партиясынын мүчөсү Умеджон Тожиев Хожент шаарындагы абакта күмөндүү жагдайда каза тапкан. Сөөк туугандарына дүйшөмбү күнү берилген. Оппозициялык партиянын өкүлдөрү маркумдун денесинде кыйноолордун тактары болгонун айтууда. Ал эми расмий түрдө Тожиев жүрөгү кармап каза тапты деп билдирилген.

Тожиев өткөн жылы октябрь айында Исфара шаарында кармалган. Ал адегенде полицияга баш ийбеди деп айыпталып, андан кийин экстремисттик багытта иш жүргүзгөн деп күнөөлөнгөн.

Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу" партиясы Тожиевдин каза болуу жагдайын иликтөө үчүн Башкы прокуратурага кайрылууну чечти. (AiT)

XS
SM
MD
LG