Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Ош: Шаардык кеңештеги "Улуттар биримдиги" тарабайт


Ош шаардык кеӊешиндеги «Улуттар Биримдиги» фракциясы тарабайт.
Бул тууралуу экс-мэр Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы тараткан кайрылууда айтылат. Кайрылууда ошондой эле мэр шайлоо алдында КТРК, ЭЛТР жана 5-канал аркылуу Мырзакматовго карата «кара пиар» уюштурулганы, жашыруун добуш берүү тартиби бузулуп, депутаттарга ар түрдүү басым болгону айтылган.

Ошто мэр шайлоо 15-январда өткөн. Шаардык депутаттардын көпчүлүк добушу тийген Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайланган. Ошол эле күнү шайлоодо утулуп калган Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери уюштурган митингде шаардык кеңештеги "Улуттар бирмдиги" фракциясы тараары айтылган. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG