Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Пакистан армиясы 25 согушчанды жок кылды


Пакистандын аскерий учактары жана тик учарлары козголоңчулардын жабыттарына урган соккудан кеминде 25 согушчан жок кылынды. Пакистан армиясынын өкүлүнүн “Азаттыкка” айтышынча, авиасокку Түндүк Вазиристан провинциясындагы жана уруулардын башкаруусундагы Хайбер аймактарына өткөн түнү урулган. Акыркы 24 саатта талибдердин эки бомба чабуулунан 33 жоокер катардан чыккан. 20-январда Равалпинди шаарынын жанындагы гарнизонго жасалган кол салууда 14 адам, анын ичинде сегиз аскер набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG