Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

Луценко: Янукович сүйлөшүүгө барбаса, убакытты колдон чыгарат


Украин оппозициясынын лидери Юрий Луценконун айтымында, Киевдеги көчө жүрүштөр полиция менен аеосуз кагылыштарга айланып кетүүсүнө президент Виктор Януковичтин тынч демонстранттардын талабына жооп бербегени себеп болду. Украинанын мурдагы ички иштер министри Луценко бүгүн 21-январда таң эртең көчө чабыштары күчөп турганда сүйлөп, Янукович оппозиция менен сүйлөшүүнүн зарылдыгын түшүнбөсө, убакытты уттурушу мүмкүн экенин эскертти:

- Эгер Янукович анын убактысы өтүп кеткенин түшүнбөсө, тегерек столдогу сүйлөшүү жардам бербейт.

Янукович 20-январда оппозицияны диалогго жана мунасага чакырды. Үндөөгө оппозиция жалпы украиналыктарды Киевдеги нааразылык акциясына кошулууга чакырып жооп берди. Парламент Киевдин ортосундагы массалык жыйындарды өткөргөнгө тыюу салгандын эртеси, ишемби-жекшемби күндөрү тынч нааразылык акциялары полиция менен ачык тирешүүгө өткөн. Нааразылык акциялары Януковичтин ноябрда Евробиримдик менен эркин соода келишимин түзүүдөн баш тартып, Москвадан 15 миллиард долларлык кредит алгандан бери уланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG