Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

HRW: Түркмөнстан, Өзбекстан адам укугун урматтабаган өлкөлөр


"Хюман Райтс Уотч" уюмунун билдиришинче, Борбор Азиядагы адам укуктарын аеосуз бузууларга Батыш өкмөттөрү туруктуу көңүл буруп, ачык айтып туруусу зарыл. Эл аралык уюмдун жаңы докладында 2013-жылы Түркмөнстан жана Өзбекстан “адам укугу тебеленген дүйнө өлкөлөрүнүн катарында” болгону көрсөтүлөт.

Уюмдун директорлорунун бири Хю Вилямсондун айтышынча, Эл аралык Кызыл крест уюму “өз вазийпасын кадыресе аткаруу үчүн” түрмөлөргө кире албай, Өзбекстандан чыгып кеткен.

- Казакстанда 2011-жылкы Жаңы-Өзөндөгү тополоңдон бери жарандардын эркиндигине чабуул уланууда. Кыргызстанда улуттук өкмөт айрым бир тармактарда абалды жакшыртууга умтулууда,- дейт Вилямсон.

Тажикстанда 2013-жылкы президенттик шайлоо эркин жана калыс өтпөгөнү, "диний топтор өз ибадаттарын катуу көзөмөл астында өткөрүүгө аргасыз", деп айтылат "Хюман Райтс Уотчтун" докладында.

XS
SM
MD
LG