Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Вилямсон: Ош окуясы калыс териштирилген жок


Борбор Азиядагы адам укуктарын аеосуз бузууларга Батыш өкмөттөрү туруктуу көңүл буруп, ачык айтып туруусу зарыл деп санайт "Хюман Райтс Уотч" уюму.

Эл аралык уюмдун жаңы докладында 2013-жылы Түркмөнстан жана Өзбекстан “адам укугу тебеленген дүйнө өлкөлөрүнүн катарында” болгону көрсөтүлөт. Уюмдун директорлорунун бири Хю Вилямсондун айтышынча, Эл аралык Кызыл крест уюму “өз вазийпасын кадыресе аткаруу үчүн” түрмөлөргө кире албай, Өзбекстандан чыгып кеткен. Казакстанда 2011-жылкы Жаңы-Өзөндөгү тополоңдон бери жарандардын эркиндигине чабуул уланууда.

Вилямсон Кыргызстандын сотторунда Ош тополоңуна байланыштуу иштерди кароодо мыйзамсыздыктарга жол берилип жатканына токтолду:

– Кыргызстанда баары тегиз эмес. Өкмөт кыйноолорду токтотуу сыяктуу айрым сенектиктерди оңдоого аракет жасоодо. Бирок 2010-жылы коогалаң болгон Ошто дале жөндөлбөгөн проблемалар бар. Мисалы, соттордо, мурдагыдай эле, 2010-жылкы коогалаң кездеги өлүмдөргө байланыштуу иштерди кароодо зордукчулдук өкүм сүрүүдө.

"Тажикстанда 2013-жылкы президенттик шайлоо эркин жана калыс өткөн жок, диний топтор өз ибадаттарын катуу көзөмөл астында өткөрүүгө аргасыз",- деп айтылат "Хюман Райтс Уотчтун" докладында.

XS
SM
MD
LG