Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

Гуревич "Азаттыкка" чыккан аудиотасма анык экенин тастыктады


Евгений Гуревичтин "Твиттердеги" баракчасы.

Евгений Гуревичтин "Твиттердеги" баракчасы.

Экс-президент Курманбек Бакиевдин экинчи уулу Максим Бакиевдин мурдагы бизнес өнөктөшү Евгений Гуревич "Азаттыкта" жарыяланган аныкы делген аудиотасма анык экенин өзү Твиттер аркылуу тастыктады. Учурда ишкердик менен алектенген Гуревич өзүнүн социалдык тармагында "Азаттыкка" чыккан Максим менен Евгенийдин маеги чындап эле орун алганын жана ал баян азыр анда эч кандай сезим козгобогонун жазды.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдики делген кезектеги аудиотасма 31-декабрда интернетте жарыяланды. Ал аудиотасмада Максимдин жана анын бизнес шериги Евгений Гуревичтин 52 мүнөттөй финансылык иштер жана башка маселелер туурасында жай аңгемелешкени жазылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG