Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бейрутта бомба чабуулунан дагы эки адам өлдү


Бейруттун түштүк бөлүгүндөгү ливандык шииттердин "Хизбулла" кыймылы ээлик кылган мааледе күчтүү жардыруу болду. Автомобилчен жанкечти жардырган бомба эки адамдын өмүрүн алып, 20дан көп адам жарадар болгонун Ливандын өкмөттүк агенттиги билдирди.

Жардырууда жараат алган Камал Абдел Али деген киши: “Жардыруу болгон кезде көчөдө бараткам. Мен кантип кулап түшкөнүмдү билбейм. Алар мени ооруканага жеткиришти. Мен бутума тура албайм, башым ооруп жатат,” - деди Ройтерс агенттигине ооруканада берген интервьюда.

Бейруттун бул бөлүгүндө ай башында автомобилге коюлган бомбадан беш киши курман болгон. Коңшулаш Сирияда согуштун кесепетинен Ливанда да жаатташтык чатагы күчөөдө. "Хизбулланын" согушчандары Сирияда президент Асаддын күчтөрү менен бирге сунни козголоңчуларына каршы салгылашууда.

XS
SM
MD
LG