Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Иракта "террорчу" деп айыпталган 26 адам дарга асылды


Өлкөнүн юстиция министри Хасан ал-Шимаринин маалымдашынча, алардын арасында Багдаддагы Сахва согушчул тобунун командири Абдел ал-Машхадани да бар. “Сахва-Ойгонуу” деп аталган бул топ негизинен суннит урууларынан түзүлүп, 2006-жылы “ал-Каида” башындагы козголоңчуларды Ирактан сүрүп чыкканга америкалыктарга көмөктөшкөн. Ирактагы суннит-шииттер ортосундагы жаатташтык 2006-2007-жылдардагы кандуу булоондон бери, былтыр 2013-жылы 8 миң чамалуу адамдын өмүрүн жалмаган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Хюман Райтс Уотч" уюмунун жылдык докладына караганда, 2013-жылы Иракта бери дегенде 151 адам, 2012-жылы 129 жана 2011-жылы 69 адам дарга асылган.

XS
SM
MD
LG