Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Жарандык коомдун өкүлдөрү Бажы биримдигине каршы акция өткөрүшөт


“Реформа” саясий партиясынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү 22-январда Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин алдында акция өткөрүшөт. Алар Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен эгемендүүлүгүн жогото баштайт деп эсептейт. Акция тууралуу жарандык активист Мирсулжан Намазалы буларды билдирди:

-“Эгемендүү Кыргызстан үчүн-Бажы биримдигине каршы” деген акция көргөзмө. Бул пикет же митинг эмес. Ал акцияда бир нече товарларды коюп, алардын азыркы баасын, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, андагы баа кандай болот? Ошол бааларды салыштырып коебуз.

Мирсулжан Намазаалынын айтымында, активисттер ошондой эле түшүндүрүү иштерин да жүргүзөт. Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча чечим кабыл алган. Биримдикке кирүүнүн шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктай турган “жол картасын” кабыл алуу март айына белгиленген. (AiT)

XS
SM
MD
LG