Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Пакистан армиясы 25 согушчанды жок кылды


Пакистандын аскерий учактары жана тикучарлары козголоңчулардын жабыттарына урган соккудан кеминде 25 согушчан жок кылынды. Пакистан армиясынын өкүлүнүн “Азаттыкка” айтышынча, авиасокку Түндүк Вазиристан провинциясындагы жана уруулардын башкаруусундагы Хайбер аймактарына өткөн түнү урулган. Акыркы 24 саатта талибдердин эки бомба чабуулунан 33 жоокер өмүр менен кош айтышты. 20-январда Равалпинди шаарынын жанындагы гарнизонго жасалган кол салууда 14 адам, анын ичинде сегиз аскер набыт болгон. (AU)

XS
SM
MD
LG