Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:13

Кумтөр боюнча айыпталган төрт адам жоопкерчиликтен бошоду


Кумтөр боюнча 2003-жылкы келишимди түзүүгө катышкан деген айып менен соттолуп жаткан төрт жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.

Соттук териштирүү 16-январда башталган. Прокуратура мурдагы өзгөчө кырдаалдар жана экология министри Темирбек Акматалиев, Юстиция министрлигинин экс-статс-катчысы Нурлан Алымбаев, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурдагы жооптуу кызматкери Дүйшөнбек Камчыбеков жана өкмөттүн аппаратынын мурунку кызматкери Азимбек Жолошев Кумтөр боюнча коррупциялык келишимди түзүүгө күнөөлүү деп айып таккан. Бирок адвокаттар бул кылмыштын жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ишти кыскартууну суранган. Бүгүн сот айыпталуучулардын бул өтүнүчүн канааттандырды.

Кумтөр боюнча 2003-жылдагы келишимге байланыштуу Башкы прокуратура былтыр жайында кылмыш иш козгоп, ошол кездеги келишимди түзүүгө катышкан 12 адамга айып таккан болчу. (BkA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG