Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Евробиримдик Украинадагы кырдаалга терең тынчсызданууда


Европа Биримдигинин улук өкүлү Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу билдирди.

– Европа Биримдигинин тышкы иштер саясатын тейлеген баш өкүл Кэтрин Эштон Киевдеги өткөн түндөгү зордукчул окуяларды катуу айыптайт. Бир нече демонстранттын өлүмү өтө тынчсыздандырат жана ал алардын туугандарына көңүл айтат, - деди Эштондун маалымат катчысы Мая Кожиянчич.

Ал арада оппозиция лидери Арсений Яценюк твиттерде президент Виктор Янукович аны дагы эки киши менен бүгүн түштөн кийин сүйлөшүүгө чакырганын жазды.

Бүгүн Киевде полиция кандуу кагылыштар болгон жайдагы тосмолорго чабуул жасап, демонстранттарды кубалады. Бирок көчөлөрдө демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган шишелерди ыргытышса, тартип коргоочулар ачуу газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонду.

Эртеден ок жаңылып эки демонстрант набыт болгону тастыкталган. Активисттер экөөнү полиция атты деп жатышат, бирок ички иштер министрлиги полиция «кадимки ок» колдонбогонун айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG