Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Швейцариядагы сүйлөшүүдө Асад боюнча талаш курчуду


Сириянын маалымат министри Швейцариядагы жыйында айрымдар талап кылгандай, президент Башар ал-Асад кызматынан кетпей тургандыгын билдирди. Швейцариянын Монтрё шаарындагы тынчтык сүйлөшүүсүнүн мезгилинде сөз алган Омран ал-Зохби «ал-Каиданы колдогуңар келсе, өзүңөрдүн ишиңер» деп айтты.

Сириядагы үч жылдык жаңжалды токтотуу максатын көздөгөн эл аралык конференцияда АКШнын мамкатчысы Жон Керри убактылуу өкмөт түзүлсө, Башар ал-Асад бийликтен кетиши керек болорун айткан. Сирия оппозициясынын жана Сауд Арабиянын делегаттары да ушул маңызда билдирүүлөрдү жасашты, ал эми Орусия сырттан кийлигишүүдөн сак болууга чакырды. Сириянын расмий өкүлдөрү менен оппозиция биринчи жолу көзмө-көз сүйлөшүп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG