Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Жаңы Зеландия менен соода көлөмү 400 миң долларга азайды


Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жон Кей.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жон Кей.
Жаңы Зеландия менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмү 2013-жылдын 11 айында 200 миң долларга барабар болду. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Бишкектен 13 миң 700 чакырым алыс расмий Веллиңтон менен 2012-жылы соода жүгүртүү көлөмү 600 миң долларды түзгөн.

Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова жана жаңы зеланд элчиси Хемиш Купер эки өлкө ортосундагы инвестиция, туризм, кен казуу, жашыл экономика маселелерин талкуулашты. (BAz)

XS
SM
MD
LG