Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Украин оппозициясы бийлик менен сүйлөшүү жемишсиз болгонун билдирди


Оппозиция лидерлеринин билдирүүсүнө караганда, президент Виктор Янукович менен шаршембиде болгон сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок. Лидерлер Виталий Кличко, Арсений Яценюк жана Олег Тягнибок полиция менен нааразылык акциясына чыккандардын ортосундагы өрчүп бараткан кагылышууну токтотуу үчүн мөөнөтүнөн мурда президентик шайлоо жарыялоого үндөшкөн.

Оппозиция лидерлеринин бири Виталий Кличко:

- Президентке кайрылам, ал азыркы учурда бул трансляцияны көрүп жатканын билемин. Президент, сизде кырдаалды өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо кырдаалды кансыз өзгөртөт. Ага жетишүү үчүн биз баарын жасайбыз. Адамдарды угуңуз. Алардын талаптарын четке какпаңыз. Маселени чечиңиз. Эгерде сиз элди укпасаңыз, анда алар сизди уктуруу үчүн баарын жасашат.

Кагылышууларда үч киши өлгөнү кабарланууда. Өз кезегинде Виктор Янукович шаршембидеги жолугушууну сүйлөшүүлөр багытындагы биринчи кадам катар баалаган. Бирок оппозиция лидерлери тарапкерлерин Эгемендүүлүк аянтынан кетпей, бейшемби күнү жалпы акцияга чакырды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG