Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Өрт кырсыгынан бир адам жабыркап, дагы бирөө каза тапты


Кыргызстандын аймагында соңку суткада өрт кырсыгынан бир адам набыт кетти, дагы бирөө күйүк алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Караколдо үйүнүн ичинен чыккан өрттүн айынан 83 жаштагы Николай Арнаутов набыт болду. Ал эми Кара-Балта шаарында туруктуу жашаган жери жок киши өзүнө өрт коюп, далысы, буту жана колу күйүп, 3-даражадагы күйүк деген диагноз менен ооруканага жаткырылды. Окуя болгон жерде ошол үйүдүн ээсинин бычактан жараат алганы белгилүү болду. Ал да азыр ооруканада. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Жалпысынан соңку бир суткада Кыргызстандын аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG