Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Мраморное айылынын тургундары Ак үй алдына пикетке чыкты


Ушу тапта Ак үй алдында Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Мраморное айылынын 50 чакты тургуну нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар айылды сугат суу менен камсыз кылган суу сактагычтын менчикке өтүп кетишине нааразылыгын айтууда. Пикетчилердин "Азаттыкка" билдиришинче, кечээ Жогорку Сот бул суу сактагыч "Интерсоюз" фирмасынын жетекчиси Жылдызкан Өмүралиевага таандык деген чечимди бекитти. Бирок алар Өмүралиева сотко көрсөткөн далил документтердин туура экенинен күмөн санап, парламенттин жана өкмөттүн кийлигишүүсүн талап кылууда.

Сөз болуп жаткан суу сактагычтан тегеректеги үч айылдын 150 гектарга жакын эгин аянты сугарылат. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG