Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Ысык-Көлдө чек арачылар белгисиз топ менен кармашууда


Бүгүн Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болгонун Чек ара кызматы кабарлады. Чек арачыларга түшкөн маалыматка ылайык, белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан.

Окуя болгон жерге келген чек арачыларга белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Атышуу учурунда эки укук бузуучу каза тапкан. Азыркы тапта алар “Пикертык” жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турушат.

Окуя болгон жерге Чүй чек ара кошуунунун атайын даярдыктагы чек ара тобу учуп чыгууда.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG