Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Украинада опппозиция жалпы иш таштоого чакырды


Кагылыштар түнү бою шаардагы Көзкарандысыздык аянтында жана башка жерлерде уланды, эрте менен шаарды түтүн каптап турду, 23-январь, 2014

Кагылыштар түнү бою шаардагы Көзкарандысыздык аянтында жана башка жерлерде уланды, эрте менен шаарды түтүн каптап турду, 23-январь, 2014

Оппозиция кечээ президент Виктор Янукович менен сүйлөшүү эч кандай натыйжа бербегендиктен, бүгүн элди жалпы иш таштоого чакырган. Оппозициялык лидерлер Виталий Кличко, Арсений Яценюк жана Олег Тягнибок шаршембиде антиөкмөттүк кеминде үч демонстрант кагылыштарда набыт болгондон кийин президент Виктор Януковичтен бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялоону талап кылышкан.

Кличко элди бүгүнкү иш таштоону алардын президент менен экинчи жолугушуусунун алдынан баштоого үндөгөн. Жолугушуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө (ушул мүнөттөрдө) башталышы керек.

Оппозиция лидерлери билдирүүлөрүн өткөн түнү жасашты. Киевде демонстранттар менен полициянын кагылышы түнү бою токтогон жок. Ондогон киши камалганы, жабыркагандардын саны өсүп жатканы айтылууда. Президент Янукович болсо оппозиция менен кечээги жолугушуусун сүйлөшүүлөрдөгү “алгачкы кадам” деп гана сыпаттады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG