Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

Чек арадагы окуя боюнча кыргыз-кытай дипломаттары жолукту


Кыргыз-кытай чек арасындагы бүгүнкү окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкектеги кытай элчилигинин дипломаттары менен жолугушуу өткөрдү. Ошондой эле Кытайдагы кыргыз элчилигине, Үрүмчүдөгү өкүлчүлүккө тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кытай дипломаттары менен жолугушууда эмне сөз болгону тууралуу кеңири маалымат айтылган жок.

"Азаттык" Кытай элчилигине кайрылганда азырынча комментарий берилбей турганы айтылган.

Учурда көлдүн Жети-Өгүз районундагы кыргыз-кытай чек арасында күч кызматкерлери белгисиз топ менен кармашууда. (RK)

XS
SM
MD
LG