Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Украинада оппозиция президентке ультиматум койду


Бүгүн украин оппозициясынын лидерлери президент эрте шайлоону жарыялабаса, өкмөткө каршы демонстранттар “чабуулга өтүшөрүн” эскертишти. Оппозициянын үч лидери өздөрүнүн тарапкерлерин президент Януковичке берген 24 сааттык мөөнөт бүткөнгө чейин зордукчул аракеттерге барбоого үндөштү.

Оппозициялык лидерлер: Виталий Кличко, Арсений Яценюк жана Олег Тягнибок шаршембидеги антиөкмөттүк кагылышта кеминде үч демонстрант набыт болгондон кийин, президент Виктор Януковичтен бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялоону талап кылышкан. Алар президент менен бүгүн да жолугушары айтылган.

Киевде демонстранттар менен полициянын кагылышы түнү бою токтогон жок. Ондогон киши камалганы, жабыркагандардын саны өсүп жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG