Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:49

Ысык-Көлдө чек араны бузган топ жок кылынды


Чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда,атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстан чек арасына кирип келген 11 киши жок кылынды. Алар колго түшүп берүү талабын аткаруудан баш тарткандан кийин жок кылынган. Азыркы кезде чек араны бузгандар кайсы өлкөнүн жараны экени жана эмне максат көздөп жүргөнү такталууда. Чек ара кызматынын маалымдоосуна караганда, 23-январда эрте менен Ысык-Көл чек ара бекетинде чек арачылар менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болгон. Белгисиз адамдар Ысык-Көл облусу боюнча мергенчилер бирикмесинин башчысы Александр Барыкинди өлтүрүп, анын куралын алышкан. Чек арачылар белгисиз топту Жети-Өгүз районундагы Пикертык деген жерде камоого алышып, колго түшүп берүү талабын коюшкан. Ал талап четке кагылгандан кийин алар жок кылынган. Кыргыз тараптан бир чек арачы жеңил жаракат алган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG