Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Көлдө көчмөндөрдүн оюндары боюнча эл аралык мелдеш өтөт


Көлдө эртең "Көчмөндөрдүн оюндары" деп аталган эл аралык таймаш өткөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты. Иш-чарага кыргызстандык спортчулар менен катар Азербайжан, Казакстан, Монголия, Орусия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген делегациялар катышат. Көк бөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөш, алыш, оодарыш, ат-чабыш, жорго-салыш, кунан чабыш, ордо жана кыз куумай оюндары болот. Форумдун ачылышына вице-премьер-министр Камила Талиева катышканы жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG