Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Чек арада өлтүрүлгөн жаран мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт


Кыргыз-кытай чек арасында белгисиз топ тарабынан өлтүрүлгөн кыргызстандык жаран, облустук аңчылар коомунун башчысы Александр Барыкин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райымберди Дүйшөмбиев менен жолугушууда айтты. Мамлекет башчы ошондой эле атышуу учурунда жеңил жараат алган чек арачынын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Жолугушууда маалым болгондой, Александр Барыкин чек араны бузуп келген топко биринчи каршылыкты өзү көрсөтүп, чек арачылар келгенче экөөнү жок кылган.

Кечээ кечинде Ысык-Көл облусунда атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстан чек арасына кирип келген 11 киши колго түшүп берүү талабын аткаруудан баш тарткандан кийин жок кылынган. Ага чейин алар мергенчилер бирикмесинин башчысы Александр Барыкинди өлтүрүп, анын куралын тартып алган. Кыргыз тараптан бир чек арачы жеңил жараат алган. (RK)

XS
SM
MD
LG