Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

Киевде протестчилер баррикада курду


Украин оппозициясынын лидерлери менен президент Виктор Януковичтин 23-январдагы сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктагандан кийин нааразылар Киевдин Төбөлсүздүк майданын тегерете баррикада курушту. Олександр деген митингчинин Рейтер агенттигине айтышынча:

- Баррикада “Бүркүттүн” жоокерлеринин чабуулунан коргонуу үчүн салынды. Эгер күч колдонулса, баррикада аз да болсо, алардын жолун бууйт.

Протестчилер ошондой эле Айыл чарба министрлигин ээлеп алышты. Бирок, төрт күн бою полиция күчтөрү менен кагылышуулар болгон жайда эрегиш токтогондой көрүнөт.

Нааразы демонстранттар Украинанын батышында бир катар облустук бийликтин имараттарын басып алышты. Ички иштер министрлиги 22-январдагы кагылышта эки нааразы октон өлгөнүн тастыктап, бирок алардын өлүмүнө полициянын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Министрликтин маалымдашынча, алардын бири чачма октон, экинчиси аң уулаганда колдончу октон өлгөн.

Оппозиция - бийлик ортосундагы сүйлөшүүгө арачылык кылуу үчүн Евробиримдиктин кеңейүү иштери боюнча комиссары Штефан Фүле бүгүн Киевге келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG