Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Фүле Молдовадагы реформаларды жактырды


Евробиримдиктин кеңейүү иштери боюнча комиссары Молдовадагы реформаларга оң баасын берди. Бирок, Кишинев жыл аягында Биримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койом десе, дагы көп аракеттерди жасашы абзел деди.

Молдовага мындай сунуш ноябрда Вильнюста жасалган.

Штефан Фүле Кишиневде журналисттер менен кездешүүдө Ассоциациялык келишимдин румын жана орус тилдерине которулганын жактырды. Анын айтышынча, котормо ар бир жаранга, өзгөчө, орус тилдүү Приднестровье регионуна Ассоциациялык келишимдин маңызын түшүнгөнгө жардамдашат.

Жикчил Приднестровьенин жетекчилиги чөлкөмдүн максаты - Орусия башындагы Бажы союзуна кошулуу экенин айтып келет. Чөлкөм 1990-жылы өзүн Киевге көз карандысыз деп жарыялаган, бирок алиге чейин бир да өлкө Приднестровьени күнкорсуз деп тааныган эмес. 1992-жылы Молдова армиясы менен Приднестровьелик жикчилер арасында кыска согуш болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG