Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Египеттеги жардыруулардан кеминде 5 адам өлдү


Автомобилге коюлган кубаттуу бомба Каир полициясынын башкеңсеси жанында болуп, төрт адамдын өмүрүн алды. Өкмөттүк телеканал бул таңкы жардыруудан кийин аткылашуу болгонун, бомба чабуулу полицияканага зыян келтиргенин кабарлады. Каир метросунун станциясына жакын жердеги экинчи жардыруудан бир адам өлүп, 15 киши жарадар болду. Үчүнчү бомба Каирдин четиндеги Гиза шаарчасындагы полицияканада болгону маалымдалды. Эртең, 25-январда Египеттин диктатор-президенти Хосни Мубарактын бийликтен шыпырып түшкөн 2011-жылкы элдик козголуштун башталганына үч жыл толот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG