Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Женева: Сириядагы жоолашкандар бетме-бет сүйлөшпөйт


Улуттар уюмунун өкүлүнүн билдиришинче, БУУнун жана Араб Лигасынын чабарманы Лахдар Брахими Сирия өкмөтүнүн жана оппозициянын өкүлдөрү менен өз-өзүнчө сүйлөшөт.

Эки жак 22-январда Швейцариянын Монтрё шаарчасындагы эл аралык тынчтык конференциясынын ачылышында ачык эле мушташкан. Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү Монтрё жыйыны Сириядагы терроризмди токтотууга арналыш керек деп талап кылган. Батыш колдогон Сирия улуттук коалициясы болсо конференцияда өткөөл өкмөттү түзүү жана Башар Асадды президенттиктен кетирүү маселесин талкуулайбыз деп туруп алган. Бүгүн (24-январь) оппозициянын өкүлдөрү 2012-жылкы “Женева-1” коммюникесине ылайык, Асаддын режими өткөөл өкмөттү түзүүгө көнбөсө, өкмөттүк делегация менен сүйлөшпөсүн билдирди.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри 23-январда Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп: “Кеп бир адам, бир үй-бүлө жөнүндө эмес, Сириянын бардык эли жана болочогу жөнүндө болушу керек. Асад ушу тапта тынчтыктын жана Сириянын келечегинин жолунда турган жалгыз инсан”,- деди.

Керри ошондой эле “Женева-1” коммюникесинин талабы боюнча, өткөөл өкмөт эки жактын мунасасы менен түзүлүшү керек экенин белгилей кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG