Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

HRW: Украинада митингчилерди кыйноолор иликтенүүгө тийиш


Эл аралык "Хюман Райтс Уотч" уюму украин полициясынын Киевдеги тополоңдогу мыйзамсыз иштерин иликтөөгө чакырды. Уюм 24-январда жасаган билдирүүдө атайын полициянын 20-январдагы тирешүү учурунда бир нече адамды, анын ичинде 17 жаштагы Михайло Низкогусту жылаңачтап урганы, маскаралап кыйнаганы айтылат.

"Хюман Райтс Уотч" ошондой эле активисттер Игорь Луценко менен Юрий Вербицкийди уурдоо боюнча көз карандысыз иликтөө өткөрүүнү суранды. Белгисиз бирөөлөр Луценкону үч ирет өлтүрдүк деп жалган опузалаган соң токойго таштап кетишкен. Вербицкийдин денеси Киевдин четиндеги токойдон табылган. "Хюман Райтс Уочтун" билдиришинче, айрым далилдер активисттерди уурдаган адамдар коопсуздук кызматтары жана күч органдары менен жашыруун кызматташкан болушу мүмкүн деген ойго түртөт.

XS
SM
MD
LG