Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Сирия оппозициясы Женевада өз талабын айтты


Женевада Сириядагы жоолашкан жактар жүзмө-жүз сүйлөшпөйт. Улуттар уюмунун өкүлүнүн билдиришинче, БУУнун жана Араб Лигасынын чабарманы Лахдар Брахими Сирия өкмөтүнүн жана оппозициянын өкүлдөрү менен ар башка сүйлөшөт.

Бүгүн, 24-январда оппозициянын өкүлдөрү 2012-жылкы “Женева-1” коммюникесине ылайык, Асаддын режими өткөөл өкмөттү түзүүгө көнбөсө, өкмөттүк делегация менен сүйлөшпөсүн Сирия улуттук коалициясынын башкатчысы Бадр Жамус 24-январда билдирди.

Жамус Женевада Рейтер агенттигине "Биз түз эмес сүйлөшүү боюнча өз позициябызды билдирдик жана Брахимиге бул жыйынга чакырылган Сирия өкмөтүнүн делегациясы “Женева-1” коммюникесине макул болушу керек экенин айттык. Биз “Женева-2ге” “Женева-1дин” толук укуктуу өткөөл өкмөттү түзүү боюнча жобосун аткарганы келгенбиз”,- деп айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG