Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Киев: нааразылар конушун кеңейтти (түз көрсөтүү)


Евромайдандын активисти баррикада жанында. 24-январь, 2014 -жыл.
Евромайдандын активисти баррикада жанында. 24-январь, 2014 -жыл.

Украинада нааразылык акцияларынын азырынча басаңдачудай түрү жок. Укук коргоо органдары кармалган эки полиция бошотулбаса, оппозиция ээлеп турган шаардык администрациянын имаратына чабуул жасаларын эскертти.

Бул тууралуу Интерфакс маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы маалымат булагына таянып, маалымдады.

Оппозиция милиция кызматкерлерин барымтага алды деген маалыматты четке кагып, чагым деп баалады. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бир милиция кызматкери бычактан жарадар болду. Ал ооруканага жеткирилди. ИИМ «Бүркүттүн» дагы бир кызматкери башына ок жеп, каза тапканын жарыялаган.

«Украинская правда» гезитинин маалыматы боюнча, кечээ Киевдеги Оболон соту 17 активистти эки айга камады. Киевдин борборунда түнү менен массалык башаламандыктар уланды. Нааразылык акциясынын катышуучулары милиция кызматкерлерине таш жана май куюлган шишелерди ыргытса, коопсуздук күчтөрү кулак тундурган граната жана резина окторду колдонушту.

Жума күнү бийлик менен натыйжасыз сүйлөшүүдөн кийин демонстранттар Киевдин Күнкорсуздук аянтынын айланасында жаңы баррикадаларды орнотуу менен Айыл чарба министрлигинин имаратын ээлеп алышты. Буга чейин Батыш Украинанын айрым шаарларында да жергиликтүү бийликтин имараттары демонстранттардын колуна өткөн.

Киевдеги баррикадалардын кеңейтилүүсү тууралуу демонстранттардын бири:

- Баррикадалар полициянын атайын бөлүгү "Бүркүттүн" кокус чабуул жасоосунан сактанып, аларды жок дегенде ушул жерде кармоо үчүн орнотулду,- деп айтты.

Демонстранттардын бул жаңы камылгалары алдында, бейшемби күнү кечинде оппозиция лидерлери президент Янукович менен төрт саатка созулган сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Оппозиция лидерлеринин айтымында, Янукович полиция менен кагылышуулар учурунда камакка алынган ондогон демонстранттар бошотуларын, жаңы камоолор болбосун убада кылган.

Киевдеги демонстранттар. 24-декабрь, 2014-жыл.
Киевдеги демонстранттар. 24-декабрь, 2014-жыл.
Бирок оппозициянын башкы
талабы – өкмөттүн отставкасы жөнүндөгү талапты кулак кырынан кетирген.

Оппозиция лидерлеринин бири - Виталий Кличко жумага караган түнү Киевдин Грушевск көчөсүндөгү турган демонстранттарга келген учурунда украин бийлигинин кризисти жөнгөрүү ниетинен күмөн санап, бирок бийликке сүйлөшүү жолу менен кысым көргөзүүнү улантуу зарылдыгын кошумчалады:

- Менде эч кандай кепилдик жок. Мен билем силерге көп жолу калп айтышкан. Ар бирибиз буга алданганбыз. Биз өкмөт отставкага кеткендей кылып кысымды күчөтө беришибиз абзел.

Президент Януковичтин сунушу менен келерки шейшембиге украин парламентинин чукул сессиясы чакыртылды. Расмий өкүлдөрдүн айтымында анда оппозициянын өкмөттү отставкага кетирүү чакырыгы да каралышы мүмкүн.



Espresso.tv Киевден түз көрсөтүүдө


Ustream.tv түз берүүсү


Премьер-министр Микола Азаров дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жаткан Давос шаарынан Рейтер агенттигинин кабарчысы менен маегинде, оппозиция менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде нааразылык акцияларын чектеген мыйзамдар кайра өзгөртүлүшү мүмкүндүгүн жокко чыгарбады.

Бейшемби күнү кечинде президент Янукович менен телефондон АКШ вице-президенти Жо Байден сүйлөшүп, өлкөдө кокус дагы кан төгүлсө, АКШ - Украина алакаларына терс кесепети тиерин айткан. Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни Вашингтондогу басма сөз жыйында:

- Майдан кыймылы биринчи күндөн тартып эле кыянатчылыкка барбоо духуна таянганын билебиз. Биз оппозиция лидерлеринин ушул принципти калыбына келтирүү боюнча чакырыгын колдойбуз. Биз, Кошмо Штаттар, зордук-зобунга жооп иретинде кошумча чараларды, анын ичинде санкцияларды караштыруубуз мүмкүн.

Киевдеги демонстранттарга каршы күч колдонулганда украин бийлигине каршы санкция киргизүү демилгеси Еврошаркеттен да айтылган.

Демонстрант аялдар полиция алдында чөгөлөөдө. 24-январь, 2014.
Демонстрант аялдар полиция алдында чөгөлөөдө. 24-январь, 2014.
Жума күнү Киевге Еврошаркеттин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Стефан Фүле келип, президент Янукович менен кездешти.

Украинада өкмөткө каршы демонстрациялар былтыр ноябрда президент Януковичтин өкмөтү Еврошаркет менен тыгыз алака түзүүгө алып баруучу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин тутанган.

Декабрда Киевдин көчөлөрүндө тынч демонстрацияларга 200 миңдей киши жыйналган эле. Бирок парламенттин митинг-демонстрацияларды чектөө боюнча жакындагы мыйзамы нааразылык акцияларын кайра күчөтүп, демонстранттар менен полиция өткөн жекшембиден бери маалы-маалы менен кагылыша кетүүдө. Жума күнү күндүз Киевдин демонстранттар жайгашкан бөлүгүндө салыштырмалуу тынч болду.

Оппозиция активисттери кеминде беш киши өлдү деп айтып жатышса, ИИМ эки адамдын гана октон өлгөнүн ырастады, бирок ал үчүн полиция жоопкер эместигин билдирди. Өлгөндүгү ырасталган үчүнчү активисттин сөөгү токойдон табылган. Кагылыштардан ошондой эле жүздөгөн киши жарадар болду.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму украин полициясынын ур-токмоктору боюнча иликтөө өткөрүүгө чакырууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG