Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

НАСА космос кемесине ысымын чегерүүнү каалагандарды чакырды


OSIRIS-REx кемеси Бенну астероидинин жанында (иллюстрация).
OSIRIS-REx кемеси Бенну астероидинин жанында (иллюстрация).
Американын улуттук космос агенттиги – НАСА дүйнө калкын өз аттарын космос кемесинин бетине жана микрочипке чегерүүгө чакырды. Ар бир каалоочунун аты OSIRIS-REx космос кемесинин үстүнө атайын боёк менен түшүрүлөт. Каалоочулар өз аттарын http://planetary.org/bennu сайтына 30-сентябрга чейин кошсо болот. Эгер каалоочунун аты кабыл алынып, OSIRIS-REx кемесинин бетине (кузов же фюзеляж десе деле болот) чегериле турган болсо, дароо эле тастыктоочу сертификат берилет.

OSIRIS-REx кемеси 2016-жылы Бенну астероидине үч жылдык сапар тартат. Байыркы египеттик кудайдын атын алып жүргөн астероид Күндү 436 күндө айланат. Бенну учурда Жерден 32 227 900 000 (32.23 миллиард) чакырым алыс.

Роботтоштурулган космостук кеме туурасы 500 метр астероидде эки жылдай изилдөө өткөрүп, 2023-жылы Жерге Беннунун 60 грамм топурагы салынган капсуланы жөнөтөт. Космостук кеме өзү андан ары Күндүн орбитасына жөнөп кетет. АКШнын президенти Барак Обама 2025-жылга чейин астероидге адамдарды жөнөтүү тилеги бар экенин айткан. (BAz)

XS
SM
MD
LG