Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Лондондо Украинада өлгөндөрдү эскерүү жүрүшү өтөт


Украинадагы Евромайданды колдогон демонстрация, Лондон, Англия, Британия, 24-январь 2014-ж.
Украинадагы Евромайданды колдогон демонстрация, Лондон, Англия, Британия, 24-январь 2014-ж.
Британия борборунда миңден ашуун адам Украинадагы Евромайданды колдоо иретинде жөө жүрүшкө катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Демонстранттар маршын жергиликтүү саат 14:00дө баштаганы турат. Бир чакырымдан ашык созулган жөө жүрүш Лондондогу Ыйык Володымыр (Ыйык Владимир) эстелигинин жанында аяктайт. Жөө жүрүш маалында демонстранттар Орусиянын жана Украинанын элчиликтеринин жанынан өтүшөт. Марштын аягында катышуучулар мерт кеткендердин урматына шам жагып, эскерүү реквиемин өткөрүшөт. Көз жумгандарды эскерүү 23-январда Лондондун чиркөөлөрүндө да болуп өттү. (BAz)

XS
SM
MD
LG