Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Стокгольмдо Евромайданды колдогон акциялар өтөт


Гамла Стан, Стокгольмдун эски шаары, Швеция.
Гамла Стан, Стокгольмдун эски шаары, Швеция.
Швециянын борборундагы Мүнтторг аянтында Украинадагы Евромайдандын катышуучуларын колдогон акция өтөт. Стокгольмдун Гамла Стан, же эски шаар, аймагында чак түштө башталчу иш-чара тууралуу демонстрациянын катышуучусу жана Сөдертөрн университетинин илимий кызматкери Роман Горбык "Азаттыктын" кыргыз кызматына кабарлады. Бул сыяктуу акциялар Европанын башка шаарларында дагы өтөт.

Кечээ Стокгольмдогу украин элчилигинин алдында 30 чакты адам катышкан сыяктуу акция өткөн. Демонстрациялар Гаага жана Лондондо да болду. Горбык Украинада болуп жаткан окуяны Испаниядагы жарандык согушка салыштырып, Украинада каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Украинадан жакында эле кайтып келген Горбык, Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүштөр маалында украиндер кыргыз эли үчүн кабатыр болгонун белгиледи. Роман Горбыктын айтымында, эгемендүүлүк алгандан кийин Украина жана Кыргызстандын өнүгүү жолунда окшоштуктар көп. Ал алардын "күрөшүн" колдогон кыргыз элине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Евромайданды колдоо акциялары Лондондо дагы өтөт. (BAz)

XS
SM
MD
LG