Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Президент жашоо деңгээлин жогорулатуу керектигин айтты


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бир катар ишмерлерге сыйлык тапшыруу аземинде билдирди. Анын айтымында, өлкө жарандарынын жашоо-турмуш деңгээлин, айлык-акысын Казакстан жана Орусиядагыдай деңгээлге жеткирүү керек.

- Биз туура жолду тандашыбыз зарыл. Биз кайда баратканыбызды билишибиз керек. Дал ушул үчүн туруктуу өнүгүүнүн стратегиясын иштеп чыкканбыз, -деди Атамбаев

Өлкө башчы Кыргызстан Бажы биримдигине кошулса, азык-түлүктүн баасы кымбаттайт деген сөздөрдү четке кагып, бул уюмга кошулууда “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларынын абалы эске алынарын эскертти.

Буга чейин Кыргызстанда бир катар активисттер Бажы биримдигине каршы акцияларды өткөргөн. Алар бул уюмга кошулуу менен Кыргызстан саясий жана экономикалык жактан Орусияга көз каранды кылат деген жүйөөнү келтиришүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG