Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Иракта жардыруулардан 6 адам мерт кетти


Ирактын чыгышында 3 бомбанын жарылуусунан 6 адам көз жумду. Жардыруулар шииттер жашаган Багуба шаарынын жанында орун алды. Полициянын маалыматы боюнча, набыт болгондордун бешөөсү бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Алардын арасында бир аял жана бир наристе бар. Бийликтер чабуул жасагандар полиция участогун жардыргылары келген деп божомолдошот. Иракта акыркы кездери сунниттердин экстремисттик топторунун шииттерге жана укук коргоо органдарына кол салуусу арбыды. Акыркы 5 жылды алганда 2013-жылы Иракта зомбулук эң көп катталды. БУУнун маалыматы боюнча, 2013-жылы 9 миң адам зомбулукка учурады. (AiK)

XS
SM
MD
LG