Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Украинада тиреш уланууда


Украинада укук коргоо органдары эгерде кармалган эки милиционерди коё бербесе, оппозиция азыр ээлеп турган шаардык администрациянын имаратына чабуул жасарын эскертти. Бул тууралуу Интерфакс маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы маалымат булагына таянып, маалымдады.

Оппозиция милиция кызматкерлерин барымтага алды деген маалыматты четке кагып, чагым деп баалады. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бир милиция кызматкери бычактан жарадар болду. Ал ооруканага жеткирилди. ИИМ «Бүркүттүн» дагы бир кызматкери башына ок жеп, каза тапканын жарыялаган.

«Украинская правда» гезитинин маалыматы боюнча, кечээ Киевдеги Оболон соту 17 активистти эки айга камады. Киевдин борборунда түнү менен массалык башаламандыктар уланды. Нааразылык акциясынын катышуучулары милиция кызматкерлерине таш жана май куюлган шишелерди ыргытса, коопсуздук күчтөрү кулак тундурган граната жана резина окторду колдонушту.

Манифестанттардын арасында жарадарлар бар. Буга чейин митингчилер Айыл чарба жана азык-түлүк саясаты боюнча министрликтин имаратын ээлеп алышкан. Оппозиция 5 митингчи каза болду десе, ИИМ 3 адамдын өлүмүн тастыктап, бирок буга милициянын тиешеси жок экенин жарыялаган. (AiK)

XS
SM
MD
LG