Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Оштогу көпүрөнүн курулушу уланат


Бул тууралуу Ош шаарынын жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев шаар тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Кадырбаев учурда курулушу токтоп турган көпүрөнүн долбоору менен таанышып чыгып, анын жандантуу тууралуу чечим кабыл алат:

- Көпүрө салынышы керек. Ал салынбаса, базарда иштеп жаткандарга кыйын болуп жатат. Мен көпүрөнүн курулушун ушул бойдон токтотуп салыш керек деп ойлобойм,- деп билдирди Кадырбаев.

Оштун Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу мурунку мэр Мелис Мырзакматовдун демилгеси менен өткөн жылы башталган. Көпүрөнүн курулушу боюнча бир катар талкуулар өткөн. Шаардык кеӊештин бир катар депутаттары көпүрө куруу демилгесин мыйзамсыз деп сындап чыгышкан болчу. Калаа башчысы алмашкандан бери көпүрөнүн курулушу токтоп турат. (YI\BkA)

XS
SM
MD
LG