Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Сирия өкмөтү менен оппозициянын сүйлөшүүсү башталды


Женевада Бириккен улуттар уюмунун өкүлчүлүгүндө Сирия өкмөтүнүн жана оппозициянын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү башталды. Жолугушуу Сириядагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча жыйындын алкагында, Бириккен улуттар уюмунун жана Араб өлкөлөрүнүн лигасынын атайын элчиси Лахдар Брахиминин катышуусунда өтүүдө.

Сирия өкмөтүнүн делегациясын Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем, ал эми оппозициянын делегациясын Сириянын оппозициялык жана революциялык күчтөрүнүн Улуттук коалициясынын лидерлеринин бири Хади ал-Бахра жетектөөдө.

Женевада ишемби күнү Сирия өкмөтүнүн мүчөлөрү менен оппозициянын өкүлдөрү түз сүйлөшөрүн Лахдар Брахими жума күнү кечинде жарыялаган.

Брахими курч саясий сүйлөшүүлөрдү баштоого чейин ок атышууну токтотуу, камактагылардын эркиндикке чыгышы, өлкөгө эл аралык жардамдын келиши өңдүү конкреттүү маселелердин чечилишин күткөнүн айткан эле. Алдын ала сүйлөшүүлөр шаршембиде Монтреде башталган.

Жума күнү Сирия өкмөтүнүн делегациясы ишембиде олуттуу сүйлөшүүлөр башталбаса, жыйындан кетерин жарыялаган. Сириядагы жарандык согуш 2011-жылы башталгандан бери 100 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганы маалымдалып келет.(AiK)

XS
SM
MD
LG