Кытай тараптын демилгеси менен “Жаз майрамын” белгилөөгө байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркеч-Там” бекеттери 29-январдан 9-февралга чейин убактылуу жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. (AiK).