Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Бишкек-Ош унаа жолу ачык


Ош-Карамык жолу. Кыргызстан. 30.03.2012.
Ош-Карамык жолу. Кыргызстан. 30.03.2012.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдон алынган маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолу кар көчкүдөн толугу менен тазаланып, 25-январь күнү түштөн кийин эки тарапка тең ачылды. Көчкүнү аткылоо иштери учурда Токтогул районунун аймагында жүрүп жатат. Ала-Бука–Кировка жолундагы көчкү аткылоо иштери тумандан улам токтоп турат. Красная Горка–Ак-Таш унаа жолу көчкүдөн толугу менен тазаланып, ачылды.

23-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында көлөмү 2250 м³ кар көчкү түшкөн. Унаа жолду тазалоо үчүн 23-жол эксплуатациялоо башкармалыгынан атайын техникалар тартылып, 25-январь күнү саат 10:30да Бишкек–Ош унаа жолу тарапка ачылган болчу. Ошондой эле 23-январда таңга маал Торкен-Толук унаа жолунун 58-65-чакырымында түшкөн кар көчкү да толугу менен тазаланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG